• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нур-Султанда Түрк дүйнөсүнүн жаш парламентарийлеринин биринчи жолугушуусу болду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. 2019-жылдын 27-ноябрында Казакстан Республикасынын борбору Нур-Султан шаарында «Жаштардын коомдогу орду жана парламент аралык тилектештик» деген темада Түрк дүйнөсүнүн жаш парламентарийлеринин биринчи жолугушуусу болуп өттү.

Иш-чара Казакстандын Парламент Мажилисинин жана Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) демилгеси менен уюштурулган.

Жыйынга ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөрдүн жаш депутаттары, Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү министрликтеринин өкүлдөрү катышып, жаш парламентарийлердин мамлекеттик саясатта жана коомдогу ордун талкуулашты. Аталган жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Руслан Чойбеков менен Данияр Аттокуров катышты.

Эл өкүлү Руслан Чойбеков жаштар өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошкон, социалдык-демографиялык ири топтордун бири болуп эсептелээрин, ошол эле учурда жаштар – коомду өзгөртүүдө манилүү субъекти жана чоң инновациялык күч экенине токтолсо, депутат Данияр Аттокуров Парламенттер аралык кызматташууга жаштардын активдүү аралашуусун күчөтүү үчүн түрк тилдүү өлкөлөрдүн жаш парламентарийлеринин аянтчасын түзүүнү жана мындай жолугушууларды ар жылы өткөрүп турууну сунуш кылды.

Ал эми ТҮРКПАнын Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсуповдун пикиринде, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн коомдук-саясый турмушунун баардык спектри боюнча жаштардын активдүүлүгү Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттер аралык Ассамблеясынын жана жалпы жонунан түрк кызматташтыгынын күн тартибин аныктоого табыгый түрдө таасир этет. Анткени дал ушул жаштар ар кандай маанилүү чөйрөлөрдө өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты жигерлештирүүнү колго алуу менен парламентаризмди жана парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүнүн локомотиви болуп саналат.

Жыйын жаш парламентарийлердин жолугушуусу боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алуу менен жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий