• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нур-Султандан 35 көп балалуу үй-бүлө Экибастуз шаарына көчүрүлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 23.05.19 /Кабар/. Нур-Султандан 35 көп балалуу үй-бүлө Павлодар облусунун Экибастуз шаарына көчүрүлдү. Аларга жаңы салынган үйдөн үч бөлмөлүү батирлер бөлүндү, иш табууга жардамдашууга убада беришти.

Экибастуз шаарынын турак-жай фондунун директору Нурсулу Кожахметова билдиргендей, көчүп келгендердин балдары бала бакчага жана мектептерге бөлүштүрүлөт.

— Алар турак-жайларга бир жыл бекер турушат. Башкача айтканда ижара акы, коммуналдык төлөмдөрдү акимчилик өз мойнуна алат. Кабыл алуу уланууда. Көп балалуу үй-бүлөлөрдөн тышкары үч же андан аз балалууларга да эки бөлмөлүү батирлерди сунуштоого уруксат берилди, — деди Нурсулу Кожахметова.

Нур-Султан шаарында жер тамдан чыккан өрттөн беш бир тууган кыз каза тапкандан кийин Казакстандын ар кыл аймактарында көп балалуу энелер нааразылык акцияларын өткөрүп башташкан. Аялдар аз камсыз жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн социалдык көйгөйлөрүн чечүүнү талап кылышкан.

Буга окшогон соңку акция өткөн бейшемби күнү өттү. 16-майда ондогон көп балалуу энелер турак-жай маселелерин чечүүнү талап кылышты.

Бийликтин маалыматы боюнча Казакстанда 28 миң аз камсыз жана көп балалуу үй-бүлө үйгө муктаж, алардын эки миңден ашууну Нур-Султан шаарында жашайт.

Пикир

Оставить комментарий