• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нур-Султандын инфекциялык ооруканаларында орундардын 70% толду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.06.21./Кабар/. Нур-Султандын инфекциялык ооруканаларына күн сайын 150-200 бейтап түшүүдө. Бул тууралуу шаардын коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Тимур Муратов билдирди.

Анын айтымында, калаада коронавирустун жайылуу ыргагы ылдамдады. Ооруканаларда орундар 70% толду.

«Бир күндө 150-200 киши түшүп жатат. Даярдалган 2001 орундун 598и гана бош (36сы реанимациялык орун)», — деди Муратов.

28-июлга карата инфекциялык ооруканаларда 1403 бейтап дарыланууда. Тесттердин көбүнүн жыйынтыгы оң чыккан. Борбор калаада коронавируска кабылган кишилерди 14 оорукана тейлеп жатат.

Министрликтин маалыматына караганда, тесттердин 56 пайызында коронавирустун “индия” штаммына мүнөздүү белгилер байкалууда.

Ушул тапта инфекция жайылып жатканына байланыштуу бейтаптарды кабыл алуу үчүн кошумча жайлар ачылууда. 28-июндан тартып мурдагы Ramada Plaza мейманканасы оорулууларды кабыл ала баштады. Бул жерде 500 орун болот.

Дарыгерлер сонку учурларда эмдөөнү каалагандардын саны да көбөйө баштаганын белгилешүүдө. Өткөн аптада күнүнө 1400дөн 2000ге чейин киши вакцина алган.

Пикир

Оставить комментарий