• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нураида Анаркулова Азия чемпионатында коло медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 15.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Нураида Анаркулова Казакстандагы кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында коло медаль жеңди. Аталган мелдеш Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында түз эфир аркылуу көрсөтүлүүдө.

Чемпионат 13-18-апрелде Алматы шаарында өтүүдө.

Нураида Анаркулова 59 кг салмакта алгач өзбекстандык Дилфуза Аимбетованы 5:2 эсебинде уткан. Андан кийин кореялык Ум Жи Ын менен тең чыккан. Жарым финалда индиялык Сарита Саритага 0:11 эсебинде утулуп, коло медаль үчүн күрөшкө чыкты.

Анаркулова үчүнчү орун үчүн күрөшкө кайрадан өзбекстандык Дилфуза Аимбетова менен чыгып, аны 7:0 эсебинде артта калтырды.

Аталган чемпионатка Мээрим Жуманазарова (68 кг), Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Айпери Медет кызы (76 кг), Назира Марсбек кызы (57 кг) катышууда.

Эскерте кетсек, Казакстандын Алматы шаарында 9-11-апрелде Олимпиада оюндарына лицензия бере турган Азия квалификациялык мелдешинде кыргызстандык балбандар Олимпиада оюндарына 6 жолдомо жана 9 медаль жеңген.

Пикир

Оставить комментарий