• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нуран Ниязалиев Азербайжан элчиси Латиф Гандилов менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 17-февралында КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Азербайжандын элчиси Латиф Гандилов менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар 2021-жылдын 12-ноябрында Стамбул шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун 8-саммитинин алкагында өткөн эки тараптуу жолугушууда эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты, ошондой эле Азербайжандын инвестициялары боюнча эксперттик тобунун 2022-жылдын 27-28-январында Бишкекке болгон сапарынын жыйынтыгын чыгарышты.

Н.Ниязалиев соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөр боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 4-отурумун жакын арада өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ТИМдер аралык биринчи саясий консультацияларды уюштурууну сунуштады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун соңунда тараптар саясий, дипломатиялык, соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык жана башка тармактарда активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий