• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нуран Ниязалиев Борбор Азия мамлекеттеринин Кыргызстандагы элчилери менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-мартта КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Борбордук Азия мамлекеттеринин Кыргызстандагы элчилери менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда Н.Ниязалиев регионалдык кызматташтыктын азыркы абалына оң баа берип, аны мындан ары бардык мамлекеттердин кызыкчылыгында өнүктүрүүнүн келечегин белгиледи. Жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги жолугушууларды уюштуруу жана өткөрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушууларынын жыйынтыктоочу документтерине ылайык Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө кыргыз тараптын кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Жолугушууга Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Р.Жошыбаев, Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Н.Ализода, Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Ш.Мередов жана Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси X. Мирзахидов катышты.

Пикир

Оставить комментарий