• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нуран Ниязалиев БУУнун КРдагы туруктуу координатору Озонния Ожиело менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 11.05.21. /Кабар/. Күн мурун, 10-майда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев БУУнун Кыргыз Республикасындагы тутумунун туруктуу координатору Озонния Ожиело менен жолукту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

ТИМден кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалда жабыркаган Баткен облусунун айылдарын кайрадан калыбына келтирүү боюнча биргелешкен кадамдарды талкуулашты.

Озонния Ожиело тараптар өзгөчө кырдаалдар түзүлгөн учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен БУУнун агенттиктеринин биргелешкен аракеттерин координациялоочу аянтча болгон Өзгөчө кырдаалдарга реакция жасоону координациялоо тобун түзүшкөнүн айтты. Бул аракеттердин алкагында гуманитардык команда түзүлүп, алар жапа чеккен жарандардын муктаждыктарын аныктоо үчүн Баткен облусуна барып келишкендигин билдирди.

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев БУУнун тутумунун туруктуу координаторуна куралдуу жаңжалдын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана жасалган ыкчам аракеттер үчүн ыраазычылык билдирди. Баткен областы чукул мезгилге гана эмес, социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн узак мөөнөттүү жардамга да муктаж экендиги белгиленди. Ушуга байланыштуу министрдин биринчи орун басары БУУнун Баткен облусунун экономикасын кайра калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтөөрүнө жана эл аралык уюмдар тарабынан жардам тартуу боюнча иш жүргүзүүсүнө үмүт арта тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий