• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Нуран Ниязалиев ЕБнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 28-январда КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Эдуард Ауэр менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Эки тараптуу күн тартибиндеги маселелерге арналган жолугушууда жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу, Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюу, Көп жылдык индикативдик программанын алкагында мамлекеттик башкаруу, билим берүү, санариптик трансформация, жашыл экономиканы өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы долбоорлор жана программалар аркылуу өз ара аракеттенүү боюнча жакынкы келечектеги пландар талкууланды.

Евробиримдиктин “Глобалдык дарбаза” (Global Gateway) жаңы стратегиясы ишке киргизилгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги өзүнчө талкууланды.

Тараптар ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги маселелерге, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаалдын өнүгүшүнө да токтолушту.

Пикир

Оставить комментарий