• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нуран Ниязалиев Франциянын Улуттук ассамблеясынын депутаты Натали Серр менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 14-декабрында Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Франциянын Улуттук ассамблеясынын депутаты, «Франция – Борбордук Азия» достук тобунун төрайымы Натали Серр менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Нуран Ниязалиев Кыргызстандагы маанилүү саясий трансформациялар тууралуу маалымат берип, мөөнөтүнөн мурда президенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун өткөрүлгөндүгүнө, жаңы Конституциянын кабыл алынгандыгына жана башкаруунун жаңы формасы киргизилгендигине көңүл бурду. Ал ошондой эле 2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, аларга эл аралык байкоочулар, анын ичинде ЕКПА, ЕККУ/ДИАУБ миссияларынын курамында Франция парламентинин депутаттары тарабынан берилген бааны белгиледи.

Тараптар кыргыз-француз мамилелеринин активдешүүсүн канааттануу менен белгилешти. Ошону менен бирге, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн маанилүү ролун эске алуу менен, тараптар 2022-жылы эки өлкөнүн парламентарийлеринин ортосунда иш сапарлар менен алмашуу ниетин ырасташты.

КР Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү үчүн Франция парламентинде такшалмадан өтүүнү жана таанышуу сапарларын уюштуруу, ошондой эле Кыргызстан менен Франциянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий