• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нуран Ниязалиев Катардын КРдагы элчиси менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 23.07.19. /Кабар/. Күн мурун КР Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла Ахмед Аль-Сулайти менен жолукту.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-катар алакасынын актуалдуу маселелерин талкуулашкан.

"Эки тараптуу ар кандай деңгээлдеги визиттер, саясий, соода-экономикалык, инвестиция жана маданий-гуманитардык тармактагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө боюнча сөз болду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий