• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нуран Ниязалиев казак элчиси Жошыбаев менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын күн тартибинин бир катар актуалдуу саясий, соода-экономикалык, чек ара, суу-энергетикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрүндөгү маселелери боюнча пикир алмашышты жана мындан аркы практикалык өз ара аракеттенүүнүн келечегин белгилешти.

Алдыдагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги тышкы саясий иш-чараларды, ошондой эле Кыргызстанда Казакстандын маданият күндөрүнүн алкагында Бишкекте өткөрүлө турган көптөгөн маданий иш-чаралар боюнча пикир алмашышты.

Сүйлөшүүлөрдүн аягында тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда тыгыз кызматташтыкты мындан ары чыңдоого ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий