• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нуран Ниязалиев Казакстандын элчиси менен жолугуп, кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. 2021-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кайрат Нурпеисов менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын күн тартибинин бир катар актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты. Алдыдагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги тышкы саясий иш-чараларды даярдоого жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Сүйлөшүүлөрдүн аягында тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда тыгыз кызматташтыкты мындан ары чыңдоого ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий