• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нуран Ниязалиев Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 4-февралда Алматы шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин жана Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Марат Сыздыковдун деңгээлинде кыргыз-казак ТИМ аралык консультациясы өттү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, консультациянын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын бир катар актуалдуу саясий, соода-экономикалык, чек ара, транспорт, суу-энергетикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрүндөгү маселелери боюнча пикир алмашышты.

Алдыдагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги тышкы саясий иш-чараларды, ошондой эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Казакстанга боло турган сапарын даярдоого өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий