• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нуран Ниязалиев кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын II жыйынына катышты

Саясат 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Кыргызстандын делегациясынын курамында экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын экинчи жыйынына катышты.

RH ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйын 15-16-ноябрында Будапештте Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин төрагалыгында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода жана инвестиция, транспорт, туризм, айыл чарба, айлана-чөйрөнү коргоо, интеллектуалдык менчик жана инновациялар, стандартташтыруу жана метрология, билим берүү жана маданият тармактарында эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынынын жыйынтыгы боюнча корутунду протоколго, ошондой эле Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору менен Венгриянын Стандарттар институтунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумуна кол коюлду.

Будапештте өткөн жыйындын алкагында кыргыз делегациясы ЭККтин венгер тараптан тең төрагасы, Венгриянын Тышкы иштер министрлигинин маалымат жана эл аралык өкүлчүлүгү боюнча мамлекеттик катчысы Тамаш Менцер, Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин Stipendium Hungaricum маселелери жана Венгриянын дипломатиялык академиясы боюнча мамлекеттик катчысы Пачаи Томашшич, Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысынын орун басары А.Барани, Венгриянын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Ласло Парагг жана Кыргыз-венгер ишкерлер кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту.

Ошондой эле Венгриянын Транспорт министрлигинин мамлекеттик катчысынын орун басары Петер Тот, Венгриянын Экспортту илгерилетүү агенттигинин (HEPA) башкы директорунун орун басары Габор Женей, Венгриянын Ички иштер министрлигинин Департаментинин башчысы П.Ковач, Венгриянын Стандартташтыруу жана метрология институтунун (MSZT) жетекчиси менен эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий