• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нуран Ниязалиев РФ Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 19.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-октябрда Бишкек шаарында КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Олег Храмов менен жолугушуусу өттү.

ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде миграциялык саясат жана коопсуздук жаатындагы маселелер талкууланды. Ошондой эле аймактагы жана дүйнөдөгү кырдаал, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар Россиянын аймагында Кыргызстандын жарандарынын эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган биргелешкен чараларды кеңири талкуулашты.

Кыргыз тарап кыргыз жарандарынын Россияда жүрүүсүнүн көйгөйлүү маселелерин чечүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий