• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Коом 0

Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 28-июнда тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Шадурды Мередов менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана энергетика чөйрөлөрүндө эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүндөгү оң динамиканы, ошондой эле жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды андан ары иштеп чыгуу зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги боюнча пикир алмашуу болду.

Мындан тышкары, бийик жана жогорку деңгээлде боло турган тышкы саясий иш-чараларды иштеп чыгуунун жүрүшү жана эл аралык документтердин долбоорлорун биргелешип даярдоо маселелери каралды.

Пикир

Оставить комментарий