• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Нуран Ниязалиев Өзбекстандын элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 09.04.22. /Кабар/. Кечээ, 8-апрелде Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар 2022-жылдын 8-апрелинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө жетишилген макулдашууларды мындан ары ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерине, эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташууну мындан ары чыңдоо перспективаларына, ошондой эле эң жогорку жана жогорку деңгээлде боло турган тышкы саясий иш-чараларга өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий