• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Нурбек Абдиев ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды

Коом 0

Бишкек, 04.04.21. /Кабар/. Нурбек Абдиев ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. Ал эми министрдин мурдагы орун басары Мирлан Каниметов берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

ИИМден билдиришкендей, бүгүн, 4-апрелде ИИМ башчысы Улан Ниязбеков ИИМдин борбордук аппаратынын өздүк курамына ички иштер министринин жаңы орун басарын тааныштырды.

Улан Ниязбеков өз сөзүндө Нурбек Абдиевдин жеке кесиптик сапаттары, билими жана тажрыйбасы жаңы кызмат ордуна толук жооп бере тургандыгын айткан. Ошондой эле жаңы орун басарына ишине ийгиликтерди, кызматтык милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылууну каалады.

Абдиев Нурбек Такабаевич 1968-жылы 4-августта туулган. Ички иштер органдарында 1999-жылдан бери кызмат өтөйт.

Пикир

Оставить комментарий