• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нурбек Алимбеков: ЕврАзЭСдеги биздин өсүш аргументтүү болууда

Экономика 0

“Кыргызстан” фракциясынан ЖК депутаты Нурбек Алимбеков өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнө баа берип: “ЕврАзЭСдеги биздин өсүш аргументтүү болууда”, - деп белгилейт.

- Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандадагы орточо маяна 220 долларды түзүптүр. Жалпы экономикабыздагы ушул сындуу чеке жылытчу иштер тууралуу пикириӊизди уксак...

- Мен аргументтүү деп эсептейм. Тиешелүү органдар деле статистикалык эсептөө-өсүш фактыларын жөндөн-жөн чыгарышпайт. Мен буга толугу менен ишенем. Негизи экономикабызда жылыштар бар. ЕврАзЭСтин курамындагы өлкөлөрдөгү, айрыкча, Россиядагы биздин мигранттардын абалдары мурункуга салыштырмалуу абдан жакшы болуп калды. Маселен, ошол сырттагы мигранттарыбыздан биздин өлкөгө которулган каражат былтыркы жылга карата көп которулуп, өткөн айда эле 61 миллион долларга көп которулганы айтылды. Буга окшогон жылыштар бар. Жаман эмес. Жеке мен, маселен, саясатка бизнес чөйрөсүнөн келген инсан катары азыр бул жаатта да абдан жакшы жылыштар бар экендигин айта алам. Товар айлануу мурдагы жылдарга салыштырмалуу жеңилдеди. Эң негизгиси азыр бажы жок. Чек араларыбыздагы тоскоолдуктардын баардыгы алынды. Ошонун негизинде биримдиктеги 5 мамлекет менен товар жүгүртүү жеңилдеди. Орустардын инвестициядагы капиталы мурдагыга караганда көп болуп жатат. Буга чейин биздин экономикага акча салынбаса, азыр көбүрөөк салына баштады. Кыскасы, ишеним пайда болду.

- Экономикадагы жакшы көрсөткүчтөрдү камсыздоодо, акыркы жылдардагы айлык-акылардын салыштырмалуу көбөйгөндүгүн координациялоодо өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун үлүшү канчалык деп ойлойсуз?

- Үлүшү жогору. Мунусун тартынбай эле айтсак болот. Былтыр жыл ичиндеги мамлекеттердин арасынан биздин өлкө 3,8% менен экономикалык өсүштү жакшы бергендиги менен айырмаланды да. Мындай өсүш дагы жөндөн-жөн боло койбойт. Өкмөттүн бул жааттагы аракеттери быйыл дагы абдан жакшы болууда. Буюрса, алдыга карай жылуусуна ишеним бар.

Пикир

Оставить комментарий