• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Нурбек Молдокадыров Нарын шаарынын мэри болуп шайланды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 02.10.19. /Кабар/. Нурбек Молдокадыров 25 добуш менен Нарын шаарынын мэри болуп шайланды.

Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, шайлоо 1-октябрда өткөн. Нарын шаардык кеңешинде жалпы 31 депутат бар. Нарын шаарынын мэри кызматына 3 талапкер катталган.

Молдокадыров Нурбек Асыранкулович 1977-жылы туулган.

2009-2012-жылдары Нарын шаарынын биринчи вице-мэрлик кызматын аркалаган. Бир катар эл аралык уюмдарга иштеген.

2018-жылдын 26-мартындагы ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаковдун буйругу менен Ак-Талаа районунун акими болгон.

2019-жылдын 1-октябрында болсо Нарын шаарынын мэри болуп шайланды.

Пикир

Оставить комментарий