Нурбек Мурашев: Быйыл картошка аз айдалат, пахтанын айдоо аянты көбөйтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 18.02.19 /Кабар/. Быйыл картошка аз айдалат, пахтанын айдоо аянты көбөйтүлдү. Бул тууралуу айыл чарба министри Нурбек Мурашев Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитеттин жыйынында билдирди.

Министр ушу тапта өлкөнүн айрым аймактарында жазгы талаа жумуштары башталып калганын билдирип, дыйкандар үчүн быйыл чечевица, гречка, соя сындуу дан азыктарын айдоо кыйла пайдалуураак болорун кошумчалады.

"Быйыл картошканын аянты 3200 гектарга азаят, анткени өткөн жылы Казакстан менен Россияда анын түшүмдүүлүгү жогору болгондуктан, баасы төмөндөп кеткен", - деди министр.

"Дүйнөлүк рынокто пахтанын баасы өсө баштады, ошондон улам, быйыл пахта айдоо аянты 2200 гектарга көбөйтүлдү. Тамекинин аянты да 1 миӊ гектарга көбөйгөнү турат", - деп билдирди Мурашев.

Эске салсак, былтыр экспорттоону көздөп картөшкөнү көп айдап алган дыйкандар мээнети акталбай калганын айтып нааразы болушкан. Ошондой эле Ысык-Көл облусунда 150 миң тонна картөшкө сатылбай турганын кабарланган.

Ал эми Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев дыйкандардын картошкасын сатып аламын деген кардарлар бар, бирок алар жазда картошка кымбаттайт деп сатпай жатат, - деп билдирген.

Пикир

Оставить комментарий