• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нурбек Сыдыгалиев парламентте ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга киришти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.01.20. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште «Ата Мекен» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбекович ант берип, өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал жакында депутаттык ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен мөөнөтүнөн мурда токтоткон Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна келди.

Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбак Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Нурбек Сыдыгалиевди депутат болуп келиши менен куттуктап, анын эл өкүлчүлүк ишинде ийгиликтерди каалады.

Жаңы депутат Нурбек Сыдыгалиев жогорку билимдүү, Улуттук университетти бухгалтердик эсеп адистиги боюнча бүтүргөн. Буга чейин өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары сындуу жооптуу кызматтарда иштеп келген.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊы депутат парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Пикир

Оставить комментарий