• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нурбек Тойчубаев Кыргызстандын атынан паратриатлон боюнча Дүйнө кубогуна катышты

Спорт 0

Бишкек, 08.10.19. /Кабар/. Түркияда паратриатлон боюнча Дүйнө кубогу үчүн мелдеш болуп, ага кыргызстандык спортчу Нурбек Тойчубаев катышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Мелдеш 6-октябрда Аланья калаасында өткөн.

Нурбек Тойчубаев маарага 1 саат 13 мүнөт 57 секунд убактысында келген. Жыйынтыгында кыргызстандык спортчу тогузунчу орунга илинген.

Ошол эле күнү Испаниянын Калелья шаарында IRONMAN аталышында турнир болгон. Турнирге Кыргызстандан 8 спортчу: Мырзабек Өмүрбаев (10:47:08), Тимур Мамедов (10:54:12), Игорь Лысенко (11:37:35), Артем Куртмалаев (11:37:35), Аскар Кулманов (11:38:46), Роман Гребнев (11:42:24), Айзада Тыналиева (12:20:22) жана Бектур Субанбеков (12:30:05) катышкан.

Пикир

Оставить комментарий