• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Базарбаев саламаттык сактоо жана соцөнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Базарбаев Нурдөөлөт Сатыбекович КР саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка КР премьер-министри Улукбек Марипов кол койду, деп билдирет Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Нурдөөлөт Базарбаев 1968-жылы 28-октябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Сары-Камыш айылында туулган. Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.

Жогорку билимдүү, 2001-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Юридикалык факультетин аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий