• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нурдин Алишеров айыл чарба министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Нурдин Алишеров айыл чарба министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Министрликтен билдиришкендей, Нурдин Алишеров 1982-жылы 1-июльда Бишкек шаарында төрөлгөн. Билими жогору.

2006-жылы Борбордук Азиядагы Америка университети, экономист;
2009- жылы Жапония эл аралык университети “Эл-аралык өнүктүрүү” боюнча магистри;
Кесиби - экономист, социолог;
Мамлекеттик кызматтын I-класстагы кеңешчиси;
Билген тилдери: кыргыз, орус, англис;
КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын “Мамлекеттик кызматтын мыктысы” төш белгиси;
КРнын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы” төш белгиси.

Пикир

Оставить комментарий