• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нурдин Букуев футзал боюнча мыкты реферилердин тизмесинде 6чы болду

Спорт 0

Бишкек, 11.01.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Umbro Futsal Awards 2017 добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча футзал боюнча эл аралык футбол федерациясынын рефериси Нурдин Букуев 10 талапкердин ичинен 6-орунду алды.

Футбол федерациясынан кабарлашкандай, добуш берүүнүн жыйынтыгы 10-январда futsalplanet.com сайтында жарыяланган.

“Мыкты рефери” категориясы боюнча жеңүүчү делип Хорватиялык Саша Тошич табылган.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы:

1. Саша Томич (Хорватия) – 714 балл
2. Богдан Сореску (Румыния) – 505 балл
3. Дарио Хавьер Сантамария (Аргентина) – 451 балл
4. Томохиров Козаки (Япония) – 385 балл
5. Даниель Фернандо Родригес Бордон (Уругвай) – 296 балл
6. Нурдин Букуев (Кыргыз Республикасы) – 266 балл
7. Мухаммед Хасан Хасан Ахмед Юсеф (Египет) – 170 балл
8. Карлос Энрике Гонсалес Санчес (Гватемала) – 169 балл
9. Кристофер Синклэр (Жаңы Зеландия) – 104 балл
10. Рекс Висли Комусу (Соломонов аралы) – 90 балл.

Пикир

Оставить комментарий