• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нурдин Сулайманов Икрамжан Илмиянов тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 30.10.18. / Кабар/. Кыйноого каршы улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов "Кабар" агенттигине мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси убактылуу кармоочу жайда кармалган Икрамжан Илмиянов тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, ал УКМКнын тергөө абагынын бир адам отурган камерасына которулууну суранган.

“Дарыгерлердин анын (И.Илмияновдун) тергөө абагында болуусу сунушталбайт деп көрсөтүлгөн корутундусунун негизинде Илмияновдун жактоочусунун аны которууга көмөктөшүүнү өтүнгөн арызы келип түштү”, - деди Сулайманов.

Директор анын саламаттыгы дурус экендигин билдирип, ал эч нерсеге анын ичинде СИЗОнун администрациясына даттанбагандыгын айтты.

Эске салсак, буга чейин Биринчи Май райондук сотунда отурум өтүп, анын жүрүшүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси, күнөөлөнүп жаткан Икрамжан Илмияновго УКМКнын СИЗОсуна камакка алуу баш коргоо чарасы көрүлгөн.

2018-жылдын июнь айында КРдан чыгып кеткен Илмияновго издөө жарыяланып, кийин ал Россиянын аймагынан кармалган. Андан соң Бишкекке жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий