• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нургүл Бакирова аудио жана видео жаздыруу системасы боюнча жергиликтүү соттор менен видеоконференц байланыш өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова аудио жана видео жаздыруу системасы боюнча жергиликтүү соттор менен видеоконференц байланыш өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга төрайымдын орун басары Качыке Эсенканов, Жогорку соттун судьясы Инара Гилязетдинова, Жогорку соттун маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Зарина Калиева, "Адилет сот" маалыматтык технологиялар боюнча мекемесинин башкаруучусунун милдетин аткаруучу Рустам Шабыев, аталган мекеменин маалымат системаларын башкаруу бөлүмүнүн башчысы Григорий Мамыкин, ошондой эле аймактардагы соттордун төрагалары жана алардын орун басарлары катышты.

Белгилүү болгондой, "Адилет сот" мекемеси республикадагы 63 соттун 157 залына "Аудио-видео жазуу жана соттук отурумдарды жаздыруу" аппараттык-программалык комплексин ийгиликтүү ишке киргизди. Бул багытта атайын судьялар менен жооптуу катчыларга окутуулар жүргүзүлгөн.

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова АВФ көпчүлүк залдарга орнотулганы менен айрым учурларда тараптар аудио жана видео жаздырууларды соттор бербей жаткандыгы боюнча нааразы болгондугун билдирди.

Бүгүнкү онлайн жолугушууда маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси менен Кыргыз Республикасынын Административдик процесстик кодексинде жарандык, экономикалык жана административдик иштерди кароодо соттук отурумдарды милдеттүү түрдө аудио жана видео жазуу көрсөтүлгөн эмес. Ошол эле кезде, Жазык-процессуалдык кодекстин 300-беренесине ылайык, сот отурумдарын жаздыруу милдеттүү түрдө деп көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары жергиликтүү соттордо сот залдары жетишпегендиктен, судьялар өздөрү отурган бөлмөлөрдө соттук отурумдарды жүргүзүүгө аргасыз. Бирок, судьялардын бөлмөлөрүнө АВФ эрежеге ылайык орнотулбагандыгын адистер билдиришти.

Н.Бакирова аудио жана видео жаздыруу боюнча атайын жобо жана көрсөтмө бар экендигин айтып, жергиликтүү соттор ошонун негизинде иш алып баруусу керек экендигин эскертти.

Мындан тышкары, төрайым иштердин процессуалдык мөөнөттөрүн бузбай, өз убагында карап, act.sot.kg сайтына сот актыларын киргизип турууну талап кылды.

Төрайым жабык өткөн соттук отурумдардан сырткары, тараптардын өтүнүчү менен аудио жана видеого жазылган дисктердин копиясын милдеттүү түрдө тараптарга берүүнү судьяларды чакырды.

Пикир

Оставить комментарий