• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нургүл Бакирова Түркиянын Чамлыджа мечитинде болду

Коом 0

Бишкек, 04.09.21./Кабар/. Кечээ, 2021-жылдын 3-сентябрында КР Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова Түркияга болгон иш сапардын алкагында Стамбул шаарындагы Чамлыджа мечитинде болду. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Мечитке Түркиянын Кассациялык сотунун төрагасы Мехмет Акаржа дагы барды.

Аталган мечит Түркиянын эң чоң мечити болуп саналат жана ага бир киргенде 63 миң адам батат. Мечитте үч имам жана 200гө жакын кызматкер иштейт.

Мечит Стамбулдагы Үскүдар шаарында жайгашкан жана көркөм галерея, китепкана жана жыйындар залын өзүнө камтыйт. Мечиттин баасы 110 миллион долларды (550 миллион түрк лирасы) түзгөн, ал түрк өкмөтү тарабынан экономиканы чыңдоо максатында чоң долбоор катары салынган. Чамлыджа мечитинин архитектуралык дизайны 2000 -жылы эки аял архитектор Бахар Мизрак жана Хайрийе Гүл Тотунун жетекчилиги астында башталган. Мечиттин дизайны Осмондук ислам архитектурасынан жана Мимар Синандын эмгектеринен алынган.

Пикир

Оставить комментарий