• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нургүл Бакирова Токмок шаардык жана Чүй райондук сотторунун иши менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токмок шаардык жана Чүй райондук сотунда болду. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Алгач төрайым биринчи кабатта жайгашкан Токмок шаардык сотунун абалы менен таанышты. Соттогу АИС программасы, ишти автоматтык бөлүштүрүү, аудио жана видео жазуулардын иштөөсүнө көңүл бөлдү.

Төрайым шаардык соттун аппаратынын кызматкерлери менен жолугуп, сот тутумунун коомдогу ишенимин бекемдөөгө карата көрүлүп жаткан аракеттерге токтолду.

“Сот тутумундагы кесиптик даярдыкка өзгөчө көңүл буруңуздар. Соттук иштерди өз убагында, так жана адилеттүү карап берсеңиздер укуктук, өнүккөн мамлекетке айланууга ар бириңиздер чоң салым кошкон болосуздар. Соттор, жергиликтүү соттордун аппарат кызматкерлери, сот приставдары, сот аткаруучулар — баарыбыз бир кемедебиз. Элибиз бизден таза жана калыс чечимдерди гана күтөт”, - деди төрайым өз сөзүндө.

Нургүл Бакирова жаңы кабыл алынган Конституцияга ылайык, сот тутумуна тиешелүү болгон мыйзамдарды ирээтке келтирилип, беш мыйзам Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөндүгүн билдирди. Ал эми Жазык жана Жазык-процессуалдык кодекстер боюнча жумушчу топ иштеп жаткандыгын, сот системасынын көз карандысыздыгын камсыз кылып, адилеттүү, негиздүү жана акыйкат чечимдерди чыгарууда соттордун салымы чоң экендигин белгиледи.

Андан соң, Нургүл Бакирова Чүй райондук сотунун имаратын барып көрдү. Чүй райондук соттун төрайымы Гуляй Курманова сот имаратынын иш бөлмөлөрүн көргөзүп чыкты.

Эки сотто болгону бир гана сот отурум залы бар экендиги жана архивдерди сактоого өзүнчө бөлмө жок болуп жаткандыгы туурасында көйгөйлөр айтылды.

Төрайым бул маселелерди эске алаарын жана анын чечүү жолдорун караштырарын билдирди.

Нургүл Бакирова соттун эмгек жамааты менен жолугушуп, алардын ал-акыбалдарын сурап билип, сот тутумунун ишин жакшыртууда жана сот адилеттигин жүзөгө ашырууда кызматтык милдеттерин так аткарууга чакырды.

Төрайым соттор мыйзамдарды так сактап, процессуалдык мөөнөттөрүн өткөрбөй, иштерди өз убагында карап, жогорку маданияттуулугун көрсөтүшү керек экендигин кошумчалады.

“Биз бир максатты көздөп, сот тутумунун аброюн көтөрүүгө, элдин сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатуу үчүн бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып иштешибиз керек”,- деди Н.Бакирова.

“Жашыл сот” аталыштагы акциясынын алкагында аталган эки соттун жүргүзгөн иштери менен дагы таанышып, бул аракеттер токтоп калбастан, мындан ары дагы уланат деген тилегин билдирди.

Жолугушууга ошондой эле сот приставдары жана сот аткаруучулар дагы катышып, төрайым алардын аз айлык-маяна алып жаткандыгын билерин, алардын иштөө шартын жакшыртуу боюнча алдыда чоң иштер жасаларын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Токмок шаардык жана Чүй райондук соттору бир имаратта жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий