• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Нургүл Бакирова сот тутумуна тиешелүү мыйзамдар боюнча баяндама жасады

Коом 0

Бишкек, 13.07.21 /Кабар/. Бүгүн, 13-июлда, КР Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде отурум болуп, сот тутумуна тиешелүү болгон мыйзам долбоорлору талкууланды.

“КР Конституциялык соту жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын долбоору, “КР судьяларынын статусу жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын долбоору, “КР Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын долбоору, “КР Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын долбоору каралды.

Бүгүн аталган комитеттин жыйынында КР Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова тиешелүү мыйзамдар боюнча баяндама жасап, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Төрайым баш мыйзамда камтылган ченемдердин реалдуу турмушка ашышы сөзсүз түрдө сот тутумунун ишин жөнгө салуучу мыйзамдардын сапатынан көз каранды боло тургандыгын белгиледи.

“Аталган мыйзамдарда сот тутумунун ишмердигинин ар-бир этабы так аныкталып, көз карандысыздык принциптери менен коштолуусу зарыл. Эгерде андай болбосо, буга чейин болуп келгендей эле соттордун көз карандысыздыгы декларативдүү бойдон кала бериши мүмкүн. Андыктан, Жогорку Кеңештин кароосуна келип түшкөн мыйзамдардын долбоорлору өлкөбүздүн демократиялык жана укуктук мамлекет катары өнүгүүсүнө чоң мааниге ээ болгон мыйзамдар болуп эсептелет”, -деп билдирди Н.Бакирова.

Комитеттин мүчөлөрү сот тутумуна тиешелүү болгон мыйзам долбоорлору боюнча суроолорду абдан кызыгуу менен беришип, талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин кароосуна жиберишти.

Пикир

Оставить комментарий