• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нургүл Бакирова Жогорку соттун төрайымы болуп шайланды

Коом 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Нургүл Бакирова Жогорку соттун төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-апрелде, Жогорку соттун судьялары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымын жана анын орун басарын шайлашты.

Судьялар бир добуштан буга чейин төрайымдын орун басары болуп келген Нургүл Бакированын талапкерлигин төрага кызматына колдошту.

Ал эми Жогорку соттун төрөганын орун басарлыгына судья Качыке Эсенканов шайланды.

Пикир

Оставить комментарий