• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нургүл Бакированын төрагалыгы астында Жогорку соттун пленуму өттү

Коом 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 24-ноябрында Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакированын төрагалыгы астында Жогорку соттун пленуму өттү.

КР Жогорку сотунун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, пленумдун ишине КР Жогорку сотунун жана жергиликтүү соттордун судьялары, президенттин администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти Сергей Демин, КР Башкы прокурорунун орун басары Кумарбек Токтакунов, юстиция министринин орун басары Зарема Аскарова, Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев жана КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Кыймылсыз мүлк рыногун каттоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги Жакшылык Токтосуновдор катышты.

Төрайым Бакирова өз сөзүндө 2021-жылы сот тутуму үчүн эң маанилүү окуялардын бири - КР жаңы Конституциясынын кабыл алынышы менен сот тутумунун ишин жөнгө салган мыйзамдардын жаңыланышы болгонун, мыйзамдардын долбоорлору жаңы Конституциянын нормаларына шайкеш келтирүү максатында иштелип чыгып, Жогорку Кеңеш тарабынан 30-октябрда кабыл алынганын, мыйзамдарга КР президентинин колу коюлуп, 19-ноябрда расмий жарыяланганын жана жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирип, бүгүнкү күнү колдонулуп башталганын билдирди.

Ошондой эле 2021-жылдын 1-декабрынан баштап жаңы редакциядагы КР Кылмыш-жаза, Кылмыш-жаза процессуалдык жана Укук бузуулар жөнүндө кодекстери ишке кириши күтүлүп жатканын, алардын ишке кириши менен Жогорку соттун жазык иштери боюнча соттук коллегиясынын иш жүктөмү жогорулашы мүмкүндүгүн, кылмыш-жазык иштери боюнча сот адилеттигин жүзөгө ашырууда соттук тажрыйбаны жаңы мыйзамдарга ылайык туура жолго салуу үчүн Жогорку соттун алдында жооптуу милдет турганын кошумчалады.

Мындан сырткары, Жогорку соттун төрайымы коомчулук менен байланышты жакшыртуу максатында жасалып жаткан иштер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен байланыш, Жогорку сотто пресс-борбор уюштуруу маселелерине токтолду. Ошондой эле "Сот" автоматташтырылган маалыматтык системасы менен «Кылмыштардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасын интеграциялоо иштери туурасында маалымат берди.

"Алдыда өлкөбүз үчүн маанилүү саясий өнөктүктү өткөрүү милдети турат, ЖК депутаттарын шайлоо мезгилинде шайлоо процесси менен байланышкан талаш-тартыштарды сотто кароону туура уюштуруу үчүн зарыл болгон чаралар көрүлүп жатат", - деп билдирди ал.

Пленумдун катышуучулары күн тартибиндеги үч маселени карашты.

Биринчи маселе боюнча "Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо менен байланышкан талаштарды чечүүдө мыйзамдарды колдонуунун кээ бир маселелери жөнүндө" Жогорку соттун пленумунун токтомун долбоору каралды. Бул боюнча негизги баяндаманы Жогорку соттун судьясы Нурсеит Арапбаев жасады. Ал эми кошумча баяндама менен Бишкек шаарынын административдик сотунун судьясы Анар Эгембердиева чыкты.

Экинчи маселе "Соттун чечимин аткаруу мөөнөтүн жылдыруу, узартуу, аткаруу ыкмасын жана тартибин өзгөртүү тууралуу арыздарды кароодо КР мыйзамдарын колдонуудагы айрым маселелер жөнүндө" Жогорку соттун пленумунун токтомунун долбоору каралды. Кеңири баяндама менен Жогорку соттун судьясы Болотбек Батыралиев, ал эми кошумча баяндама менен Бишкек шаардык сотунун судьясы Назгуль Илиязова жана Чүй облустук сотунун судьясы Гульназ Кадыровалар чыгышты.

Күн тартибинин үчүнчү маселеси КРнын мамлекеттик жана Жогорку соттун сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө токтомдун долбоору каралды.

КР Жогорку сотунун пленумунун токтому менен төмөндөгүлөр сыйланышты:

- Токбаева Айнаш Абдымановна - "Сот тутумун өнүктүрүүдөгү салымы үчүн” медалы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу;

- Арапбаев Нурсейит Макенович - "Кыргыз Республикасынын сот тутумунун мыктысы" ардак наамы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы;

Сот адилеттигин жүзөгө ашырууда, соттордун ишмердүүлүгүн камсыздоодо жетишкендиктери жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Ардак грамотасы менен:

- Айдыралиева Айсейил Абдыкадыровна - Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы;

- Боромбаев Мирлан Искакович - Талас облустук сотунун төрагасы;

- Сагымбаева Нурпериза Алымбековна - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын жетектөөчү адиси;

- Шакиров Атабек Мухтаридинович - Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунун судьясынын жардамчысы;

- Арзыбаева Нурила Анарбековна - Талас облусунун Талас райондук сотунун бөлүм башчысы;

- Музукеева Эльнура Каныбековна - Чүй облустук административдик сотунун улук катчысы;

- Киселева Светлана Ивановна - Чүй облусунун Панфилов райондук сотунун бөлүм башчысы;

- Жанболотов Алмаз Арыстанбекович - Ысык-Көл облустук административдик сотунун бөлүм башчысы;

- Болотбаев Марат Абдусаматович - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Бишкек шаарынын Ленин райондук бөлүмүнүн сот аткаруучулар кызматынын улук сот аткаруучусу;

- Мусурманкулов Бекмухаммет Лутуббилаханович - КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Бишкек шаардык экономикалык иштер боюнча бөлүмүнүн сот аткаруучулар кызматынын улук сот аткаруучусу.

Пикир

Оставить комментарий