• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нургазы Анаркулов айрым медиауюмдардын “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам боюнча кайрылуусуна комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов айрым медиауюмдардын “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам боюнча кайрылуусуна комментарий берди.

“Өзүңүздөр билгендей, аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелешкен. 2020-жылдын август айында өлкөнүн ошол кездеги Президенти Сооронбай Жээнбеков бул мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирип, аны Жогорку Кеңешке кайтарган. Парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети Президенттин каршы пикири боюнча макулдашылган топ түзүү жөнүндө маселени өз жыйынында карашы керек эле. Макулдашуу тобунун курамы маселесин дагы бир жолу карап чыгуу максатында Президенттин Аппараты аталган маселени кароодон алып коюуну өтүнгөн", - дейт Нургазы Анаркулов.

Пикир

Оставить комментарий