• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте көп кырдуу талант ээси Нурканбек Турсунбаевдин 80 жылдык мааракеси белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Бишкекте көп кырдуу талант ээси - театр жана кино актёру, обончу-композитор, ырчы-аткаруучу, музыкант жана акын Нурканбек Турсунбаевдин 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара “Энелер күнүнө” арналып, “Энелерге таазим” аттуу чоң программадагы концерти менен коштолот.

Белгилей кетсек, концерт эртең, 22-майда саат 18.00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында өтмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий