• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нурлан Акматов “Манас” аэропортунун жетекчиси болуп дайындалды

Коом 0

Бишкек, 05.12.18. /Кабар/. Нурлан Акматов “Манас” аэропортунун башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк башкаруу фондунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-декабрда Эл аралык "Манас" аэропортунун директорлор кеңешинин жыйыны болуп, анын жыйынтыгында Акматов Нурлан Орозбаевичти аэропорттун төрагасы кылып дайындоо чечими кабыл алынган.

Акматов 2011-жылдан бери “Газпром Нефть Азия” ишканасынын директорунун бизнести өнүктүрүү боюнча орун басары болуп иштеп келген.

Белгилей кетсек, 3-декабрда “Манас” эл аралык аэропортунун мурдагы башчысы Эмир Чукуев ээлеген кызматынан өз каалоосу менен кеткен.

Пикир

Оставить комментарий