• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нурлан Доулбеков Таш-Көмүр шаарынын мэри болуп шайланды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 03.12.20. /Кабар/. Нурлан Доулбеков Таш-Көмүр шаарынын мэри болуп шайланды. Бул тууралуу КР БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мэрлик кызматка эки адамдын талапкерлиги көрсөтүлгөн: Нурлан Доулбеков «Ата-Журт» саясий партиясынан, Эрк Орозбаев «Таш-Көмүр жаштары» саясий партиясынан.

Добуш берүүгө Таш-Көмүр шаардык кеңешинин 31 депутатынан 29у катышкан. Доулбеков 18 добушка, ал эми Орозбаев 11 добушка ээ болгон.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Таш-Көмүр шаарынын мэри болуп Нурлан Доулбеков шайланды.

Пикир

Оставить комментарий