• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нурлан Калыбеков Жазуучулар союзунун жетекчилигине шайланды

Маданият 0

Бишкек, 08.02.19. /Кабар/. КРнын Жазуучулар союзунун төрагасы болуп акын Нурлан Калыбеков шайланды. Бул тууралуу КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-февралда А. Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасында Жазуучулар союзунун жыйыны болгон.

Жыйында союздун төрагасы Акбар Рыскуловдун акыркы жылдары Союз тарабынан аткарылган иштер тууралуу айтып, өз каалоосу менен төрагалыктан кетүү тууралуу билдирүүсүн күн тартибине койгон.

Жабык түрдө өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгында Жазуучулар союзунун төрагасы болуп акын, Жаштар сыйлыгынын лауреаты, Республикалык Жолон Мамытов атындагы, Казакстандын Мукагали Макатаев жана Габит Мусрепов атындагы адабий сыйлыктардын ээси Нурлан Калыбеков шайланды.

Пикир

Оставить комментарий