• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нурлан Кобашев Азия чемпионатында “коло” алды

Спорт 0

Бишкек, 10-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Нурлан Кобашев Өзбекстанда өткөн эркектер арасында бокс боюнча Азия чемпионатында коло медаль алды.

Азия бокс конфедерациясынан билдиришкендей, турнир 30-апрелден 7-майга чейин Ташкентте өткөн.

Кыргызстандын улуттук курамында медаль үчүн башкы машыктыруучу Адылкан Бекболотовдун жетекчилиги алдында 9 спортчу чыгышкан.

Нурлан Кобашев жакшы натыйжа көрсөтүп, 64 кг чейинки салмак категориясында 3-орунга ээ болуп, коло медаль алды.

Пикир

Оставить комментарий