• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болуп шайланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.10.22. /Кабар/. "Ата-Журт-Кыргызстан" фракциясынын төрагасы, депутат Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болуп шайланды. Анын талапкерлигин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы көрсөтүп, "Ишеним", "Альянс" фракциялары менен "Элдик" тобу колдоду.

Шакиевдин талапкерлиги үчүн 80 эл өкүлү "макул" добуш берсе, алтоо "каршы" болду. Бир бюллетен жараксыз деп табылды. Жашыруун добуш берүүгө 90 депутаттын 87си катышты. Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Белгилей кетсек, парламенттин мурдагы төрагасы Талант Мамытов Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 5-октябрдагы жыйынында кызматтан кетип жаткандыгын билдирип, бул анын жеке чечими экендигин айтты.

Нурланбек Шакиев 1977-жылдын 13-майында Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Жыгач айылында туулган. Билими жогорку. №17 Аксы шайлоо округунан Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Пикир

Оставить комментарий