• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нурланбек Шакиев Япониянын элчиси Хидэки Годаны кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Годаны кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда кыргыз-япон кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланып, анын ичинен парламенттик алакаларды арттыруу тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Шакиев алгач Хидэки Годаны Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап: “Тажрыйбалуу элчи катары эки элдин байланышын чыңдоого зор салым кошуп, кызматташтыбызды жаңы деңгээлге көтөрөсүз деген ишеничтемин”, – деди.

Муну менен катар Кыргызстан менен Япониянын ортосунда түзүлгөн дипломатиялык мамилелерге 30 жыл толгонун эске салган төрага: “Бул жылдар аралыгында бардык тармактар боюнча жигердүү кызматташтык уланып, Япония мамлекети өлкөбүздүн өнүгүшүнө багытталган ири долбоорлорго чоң көмөк көрсөттү. Айрыкча, Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) калк турмушун жакшыртуу жаатында бир катар маанилүү иштерди алып барды”, – деп белгиледи.

Андан тышкары, билим берүү тармагында да алакалар артып жатканын айткан Нурланбек Шакиев: “Кыргызстандын жаштары Япониянын алдыңкы окуу жайларында билим алып, тарыхы бай, технологиясы өнүккөн жана маданияты менен өзгөчөлөнгөн өлкөңүздөрдөн тажрыйба топтоп келишет. Алсак, Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программанын (JDS) алкагында эле жүздөгөн студенттерибиз магистр даражасы боюнча билимин жогорулатып, азыркы тапта Кыргызстандагы маанилүү тармактарда эмгектенишүүдө. Андыктан бул багытта калыптанган байланышты мындан ары да өнүктүрүүбүз кажет”, – деп кошумчалады.

Өз кезегинде, элчи Хидэки Года Япония Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экендигин белгилеп, дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында жасай турган иштерине учкай токтолду.

Муну менен катар акыркы 30 жыл аралыгында биргелешип ишке ашырылган долбоорлор тууралуу сөз кылган Хидэки Года “Бир айыл – бир продукт” долбоору ийгиликтүү уланып жатканын жана аны чөлкөмдөгү башка өлкөлөргө да жайылтуу максатталганын маалымдады.

Жолугушууга “Ыйман Нуру” парламенттик фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков, Япония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Таалайбек Масабиров катышты.

Пикир

Оставить комментарий