• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нурланбек Шакиев Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 23-январда Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен тар чөйрөдө баарлашты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, андан соң парламент төрагалары кеңири курамда жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Кыргызстан менен Казакстан мамлекеттеринин ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Шакиев эки өлкөнү бир туугандык, жакын коңшулук жана ишенимдүү стратегиялык өнөктөштүк тыгыз байланыштырып турарын белгилеп: “Өткөн жылы мамлекеттер ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орногондугуна 30 жыл толду. Бул жылдар аралыгында кызматташтыктын бекем пайдубалы түптөлүп, көптөгөн келишимдерге кол коюлду. Биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып, жогорку деңгээлдеги жолугушуулар жана эки тараптуу иш сапарлар уюштурулду. Андыктан калыптанган алаканы мындан ары да жигердүү өнүктүрүүбүз кажет”, – деди.

Ошондой эле Казакстан парламентинин сенатына өткөн шайлоонун ийгиликтүү жыйынтыкталышы менен куттуктаган Жогорку Кеңештин төрагасы парламенттер аралык байланыштарга да кеңири токтолду.

“Өткөн жылы эки өлкөнүн парламенттеринин төрагаларынын деңгээлинде бир катар жолугушуулар болуп өттү. Муну менен катар эл аралык байланышка тиешелүү тармактык комитеттер да биргелешкен көчмө жыйын уюштурушту. Ал эми бүгүнкү расмий иш сапар да эки өлкө үчүн өтө чоң тарыхый мааниге ээ”, – деген Нурланбек Шакиев парламенттик делегациялардын, депутаттык достук топторунун өз ара иш сапарларын уюштуруунун да маанилүүлүгүн кошумчалады. Айрыкча, коңшу өлкөнүн Мажилисинин төрагасын да расмий иш сапар менен күтөөрүн жана Жогорку Кеңеш Парламенттер аралык кеңештин II жыйынын Бишкекте өткөрүүгө даяр экендигин билдирип, ТүркПА, КМШ ПАА, ЖККУ ПА өңдүү эл аралык аянтчалардын алкагындагы алакалар тууралуу сөз кылды.

Андан тышкары, жолугушууда экономикалык байланыштар да талкууга алынып, эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүн 2 млрд АКШ долларына жеткирүү боюнча коюлган максаттар жөнүндө айтылды.

Анын ичинен биргелешкен өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү, Чолпон-Ата-Алматы автожолун куруу, Кичи-Капка-Бесагаш өткөрмө пунктунун ишин кайра жандандыруу, ошондой эле биринчи аймактар аралык форумду өткөрүү өңдүү сунуштар берилип, айрыкча чек арадагы тоскоолдуктарды жоюу маселелери көтөрүлдү.

“Мен жогоруда белгилеген маселелердин тез арада ишке ашуусу үчүн парламенттик көзөмөлгө алууну сунуштайм”, – деген Нурланбек Шакиев, ошондой эле Казакстандын миграциялык саясатына тиешелүү мыйзам долбоорлорун кароодо кыргызстандык мигранттардын укуктук абалын эске алуу зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Казакстан Республикасынын парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев төраганы жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады. Муну менен катар, эки тараптуу кызматташуунун оң окуяларына кеңири токтолуп, анын ичинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин өткөн жылдын май айында Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында кабыл алынган маанилүү чечимдерге көңүл бурду.

Тагыраагы, ал учурда кыргыз-казак биргелешкен өнөр жай соода-логистикалык комплексин курууга капсула салынганын эске салып: «Бул долбоорду ишке ашыруу инвестициялык базанын өсүшүнө жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз байланыштын түзүлүшүнө жакшы өбөлгө түзөт деп ишенем», - деген М.Ашымбаев, казак тарап Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна катышууга даяр экендигин маалымдады.

Мындан тышкары, Казакстан Республикасынын парламентинин сенатынын төрагасы парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл буруп, приоритеттүү багыт катары тармактык комитеттер менен депутаттык достук топторунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнү, Жогорку Кеңеш менен Казакстандын парламентинин аппараттарынын ортосундагы кызматтыштыкты чыңдоо, парламентаризмди өнүктүрүүнүн жол картасын иштеп чыгуу, ошондой эле парламенттер аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча чараларды атады.

Сөзүнүн аягында Маулен Ашымбаев төрага Нурланбек Шакиев тарабынан айтылган бардык демилгелерди колдоорун айтып, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнү сунуштады. Тагыраагы, өсүп келе жаткан муундун эс-тутумун маданий-адептик тарбиялоо максатында Манас эпосунун баатыры менен залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстеликтерин Астана шаарына орнотууну сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий