• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Нурланбек Шакиев Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 23-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргыз-Түрк “Манас” университетине барып, окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Нурланбек Шакиев университеттин ректору Алпаслан Жейлан баштаган жетекчилердин коштоосунда окуу жайдын китепканаларын, теле жана радио студияларын, инженердик жана табигый илимдер факультеттеринин лабораторияларын, ветеринардык клиникасын жана студенттеринин жатаканасын көрүп чыгып, андагы техникалык база жана түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат алды.

Алсак, окуу жайда 4 институт, 11 факультет жана 2 жогорку мектеп иш алып барып, 6 миңден ашуун студент билим алат. Келечекте факультеттердин жана студенттердин санын көбөйтүү мерчемделип, 2024-жылы дүйнөдөгү алдыңкы 500 университеттин катарына кирүү максаты коюлган.

Окутуучулар жамааты жана студенттери менен өткөрүлгөн жолугушууда төрага Нурланбек Шакиев кыргыз-түрк кызматташтыгына көпүрө болгон окуу жайдын ишмердүүлүгүнө жогору баасын берди.

“Университеттеги заманбап материалдык-техникалык база жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар Кыргызстандагы алдыңкы билим берүү мекемелеринин бири экенин айгинелеп турат. Айрыкча, “Манас” илим менен тажрыйба айкалыштырып жүргүзүлгөн окуу ыкмасы жана коррупциялык көрүнүштөрдүн жоктугу менен өзгөчөлөнүп келет”, - деди ал.

Жыйын суроо-жооп иретинде уланып, окутуучулар жана студенттер тарабынан бир катар сунуш-пикирлер айтылды. Анын ичинен окуу жайга мамлекеттик макам ыйгаруу, дипломдордун жана илимий даражалардын Кыргызстан менен Түркияда бирдей таанылышын камсыздоо, өлкө боюнча студенттер үчүн социалдык жеңилдиктерди берүү маселеси көтөрүлдү.

Төрага Нурланбек Шакиев айтылган бардык маселе эске алынып, тиешелүү мекемелер менен бирге керектүү иштер жүргүзүлөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасын депутат Камила Талиева, билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров коштоп жүрдү.

Пикир

Оставить комментарий