• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нурмагомедов менен Мейвезердин бокс эрежеси боюнча беттеши 4-майда өтүшү мүмкүн

Спорт 0

Бишкек, 07.12.18./Кабар/. Аралаш мушташ боюнча россиянын мушкери Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Флойд Мейвезер бокс эрежеси боюнча беттеш 4-майда өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу sports.ru жазып чыкты.

"Флойд Мейвезер өзү биздин команда менен байланышка чыкты. Бул эки тарапка эле эмес, олуттуу инвесторлорго да кызык болуп жатат десе болот", - деп билдирди Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедов.

Анын маалыматы боюнча, беттеш 2019-жылдын 4-майда Чечнянын борборундагы 30 миң кишилик "Ахмат-Аренада" болушу ыктымал.

"Хабиб мыкты боксчулар менен машыгып, өзүн жакшы көрсөтүүдө", - дейт мушкердин атасы. Ошондой эле ал Хабиб таймаштардан 9 айга четтетилсе, ал убакытты текке кетирбесин да белгиледи.

"Бизди 9 айга четтетишсе, ал убакыт аралыгындагы бокс беттешине даярдык көрсөк болот. Биз Макгрегор менен Мейвезердин таймашын көргөнбүз. Конор өзүн 3-4 раунд жакшы кармады. Хабиб андан көбүрөөк таймаша алат дем ишенем. Эң аз дегенде 7-8 раунд. Флойддун жашы 41ге келгенин, Хабиб чыдамкай экенин эске алуу керек", – деди Абдулманап Нурмагомедов.

Пикир

Оставить комментарий