• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нурмагомедов Порье менен боло турчу беттеш үчүн 6 миллион доллар алат

Спорт 0

Бишкек, 05.09.19. /Кабар/. UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедов аталган уюмдун убактылуу чемпиону Дастин Порье менен боло турчу беттеш үчүн 6 миллион доллар алат. Бул тууралуу Sports.ru басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нурмагомедов UFC уюмунун эки салмак ченинде экс-чемпиону Конор Макгрегор менен болгон беттешке караганда 3 эсе көп каражат алат. Макгрегор менен болгон кармашта россиялык мушкер 2 миллион доллар алган.

Эскерте кетсек, Нурмагомедов менен Порьенин беттеши 8-сентябрда Абу-Даби шаарында UFC-242 турниринин алкагында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий