• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нурмагомедов жана Мейвезер: Нурмагомедов UFC менен келишимди узартуудан баш тартты

Спорт 0

Бишкек, 22.11.18 /Кабар/. Аралаш мушташ боюнча россиянын мушкери Хабиб Нурмагомедов америкалык Флойд Мейвезер менен бокс эрежелери боюнча беттеш үчүн UFC менен болгон келишимин узартуудан баш тартты. Бул тууралуу Fightnews.info спортчунун менеджери Али Абдель-Азизге шилтеме берүү менен кабарлаган.

Учурда Нурмагомедов UFC менен келишимдин алкагында иштеп келет, бирок ал бир мушташтан кийин бүтөт. Келишим бүткөндөн кийин Хабиб Мейвезердин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө киришет.

UFCнин президенти Дана Уайт Нурмагомедов менен Флойддун өз ара беттешине каршы болуп, Мейвезерден Нурмагомедов менен октагонго чыгып мушташууну талап кылып келген.

"Хабиб Данв Уайттын чечимин сыйлайт жана ал ошол чечимди UFC менен келишими бүтмөйүнчө карманып келет. Келишим бүткөндөн кийин Хабиб Мейвезердин командасы менен 2019-жылы боло турган беттешти сүйлөшүүгө киришет. Эгер Флойд ММА эрежелери менен мушташууга макул болсо, адегенде өзүнүн жашоосун камсыздандырып алсын. Анткени бул беттештен кийин ал өз алдынча баса албай, сууну да түтүкчө аркылуу ичип калат”, - дейт Абдель-Азиз.

Пикир

Оставить комментарий