• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Нурмагомедовдон утулган Порье Конор Макгрегор менен беттешүүгө кызыкдар

Спорт 0

Бишкек, 11.09.19. /Кабар/. UFC уюмунун жеңил салмак чениндеги америкалык мушкер Дастин Порье мурунку чемпион Конор Макгрегор менен беттешүүгө кызыкдар экенин билдирди. Бул тууралуу Р-спорт басылмасы жазат.

Россиялык мушкер Хабаб Нурмагомедовдон жеңилгенден кийин Twitter баракчасына билдирүү калтырган.

"Макгрегор менен кайра беттеш өткөрүү өзгөчө маанини камтыйт деп ойлойм", - деп Порье өзүнүн Twitter баракчасына жазып чыкты.

Порье 2014-жылы Макгрегорго каршы беттеш өткөрүп, 1-бөлүктө утулуп калган.

Аралаш урушта америкалык мушкердин куржунунда 25 жеңиш жана 6 жеңилүү бар. Ал эми, Макгрегор 21 беттешти жеңсе, төртөөндө утулуп калган.

Эскерте кетсек, Абу-Даби шаарында UFC 242 турниринин алкагында Хабиб Нурмагомедов Дастин Порьени муунтуу ыкмасы менен жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий