• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Нурсултан Назарбаев расмий сапары менен Өзбекстанга барат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.08.17 /Кабар/. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Өзбекстанга барууну пландап жатат. Бул тууралуу ал өзү эл аралык «ЭКСПО – 2017» көргөзмөсүндө өзбек павильонуна барган маалда билдирди.

Анда Нурсултан Назарбаев казак делегация мүчөлөрү менен бирге Өзбекстандын энергиянын альтернативдүү түрүн пайдалануудагы жетишкендиктери жана энергетикалык потенциалы менен таанышты.

Казакстан президентинин көңүлүн күн панелдери орнотулган электр унаасынын концептуалдык үлгүсү өзгөчө бурду. Андан тышкары мамлекет башчыны күндүн жана шамалдын энергиясы менен иштеген эко-заводдун үлгүсү да кызыктырды.

Казакстан башчысы иштелип чыккан долбоорлордун келечеги бар экенин өзгөчө белгиледи.

Соңунда Назарбаев экскурсия үчүн ыраазычылыгын билдирип, жакынкы убактарда Өзбекстанга расмий сапар менен барууну пландап жатканын айтты.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий