• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нурсултан Назарбаев Жапаровду жана кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 21.03.22 /Кабар/. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев КР президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Нооруз — биздин байыркы баалуулуктарыбыздын бири. Бул майрам элибизди берекеге толтуруп, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы бир туугандыкты жана достукту чыңдасын.

Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн, жалпы руханий мураска, өз ара колдоо көрсөтүүгө негизделген гармониялуу мамилелерди жогору баалап, эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн динамикалык өнүгүүсү элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да чыңдала берерине ишенем», — деп белгиленет Казакстандын Биринчи Президентинин куттуктоосунда.

Нурсултан Назарбаев Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бакыт, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана биримдик каалады.

Пикир

Оставить комментарий