• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нурсулу Ахметова: 2018-2040-жылдарга Стратегиянын негизги максаты – өнүгүүнү улантуу

Экономика 0

Бишкек, 27.11.17 /Кабар/. Бүгүн, 27-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчысы Нурсулу Ахметова басма сөз жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Журналисттер менен жолугушуунун жүрүшүндө финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы дүйнөдөгү ар бир өлкөнүн өнүгүүнүн узак мөөнөттүү планы болоорун белгиледи. ” Кыргызстан дагы дүйнөдө кандай орун ээлери, кандай саясый түзүлүш болоору, кайсы өлкөлөр менен интеграцияга бараары тууралуу көз карашы болушу керек. Мына ушул көз карашка таянып, Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен 2013-2017-жылдары өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы иштелип чыккан. 2010-жылдан кийин өлкөбүздү өнүктүрүүнүн пландары боюнча коомдун, бийлик бутактарынын, Кыргызстандын ар кандай өкүлдөрүнүн башын бириктире турган документ керек эле. 2013-2017-жылдары өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы дал ошондой документ болду. Стратегия өнүгүүнүн жана туруктуулуктун негизин түздү”,-деди ал.

Н.Ахметова баса белгилегендей, 2018-2040-жылдары өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы (ТӨУС) «Таза коом – Жаңы доор» 2013-2017-жылдардын Стратегиясынын уландысы болуп калды. “2018-2040-жылдары Улуттук стратегиянын негизги идеясы өнүгүүнү улантуу”,- деп аны даярдоого 2013-2017-жылдардын Стратегиясын иштеп чыгууга катышкан эксперттер, ошондой эле көз карандысыз эксперттер жана адистер тартылгандыгын кошумчалады. “Бул Стратегиянын алкагында бийликтин бардык бутактары, эксперттик коомчулук, жарандык сектордун күчү Кыргызстанды өнүккөн жогорку технологиялуу өлкө кылууга багытталат”, -деди ал.

2018-2040-жылдарга ТӨУС «Таза коом – Жаңы доордун» өзгөчөлүгү туурасында айтып келип, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы 2013-2017-жылдары өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы туруктуулукту сактоого жана камсыз кылууга багытталгандыгын эске салды. «Таза коом – Жаңы доордун» өзгөчөлүгү - адам потенциалын өнүктүрүү. Биз адамдын өнүгүшү үчүн бардык шарттарды түзүүгө тийишпиз. Анткени Кыргызстандын инсаны жана жараны - эң баалуу капитал”, -деди ал.

2018-2040-жылдарга ТӨУС «Таза коом – Жаңы доор» Н.Ахметованын айтымында 2018-жылдын 15-февралында кабыл алынат. Ага чейин долбоор толукталып иштелет. Долбоорду талкуулоого бизнес-коомчулук, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, илимий ишмерлер, түрдүү ассоциациялар жана диаспоралар, жаштар, мигранттар, ошондой эле өлкөнүн региондорунун жашоочулары тартылат. Документ боюнча сунуштарды жана сын пикирлерди strategy-2040@adm.gov.kgжана strategy2040kg@gmail.com. электрондук дарегине жөнөтсө болот.

Пикир

Оставить комментарий